Жалал-Абадда сел каптаган турак жайларды тазалоо таң атпай башталды

Бүгүн, 24-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун сел каптаган аймактарында тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9 турак жайды, 1 социалдык объектти жана соода дүкөндөрдү тазалоого 77 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.
Министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов тиешелүү жетекчилер менен жеринде көзөмөлдөө иштерин аткарууда.
"Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле селге аккан унаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан