Көк-Арттагы үйдүн дубалына милиция кызматкери менен наристенин сүрөтү түшүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Көк-Арт кичи шаарчасындагы көп кабатуу үйдүн дубалына милиция кызматкери жана наристенин сүрөтү түшүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата күзөт кызматынын жетекчилиги тиешелүү бөлүктөргө агартуучулук, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырмаларды берген.

Анын негизинде күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган шаарчанын Курманбек көчөсүндөгү 15-үйүнө милиция кызматкери менен наристенин сүрөтү тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан