Жалал-Абадда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болгон деген шек менен 9 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда облустук милициядан билдирди.
Ага ылайык, 19-июлда милицияга Сузак районунун С.Ю. аттуу тургуну диний-экстремисттик кылмыштар менен алек болууда деген ыкчам маалыматтар түшкөн. Анын негизинде шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон 20 даана китеп, 10 DVD диск, 1 планшет, 1 флешка жана 9 уюлдук телефондор табылып, далил катары алынган. Ал экстремисттик агымдарга үгүттөө иштерин жүргүзүп, жашыруун түрдө топ түзүп жаткандыгы дагы такталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Диний-экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле район аймагындагы шек жараткан 9 дарекке тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада шектүү катары 1961-жылы туулган А.А., 1962-жылы туулган Ш.Д., 1965-жылы туулган С.Ю., 1967-жылы туулган Х.С., Ш.М., У.И., 1969-жылы туулган Ш.П., 1970-жылы туулган Ю.А. жана 1972-жылы туулган А.И. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.