Бишкекте №23 жана №56 автобустардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрдү

Бүгүн, 24-июлдан тарта борбор калаадагы №23 жана №56 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрөт. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тургундардын кайрылуусуна ылайык, Пишпек районун камтыган №4 автобустук каттам иштеп баштаганына байланыштуу, №23 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү. Эми каттам Жайыл баатыр көчөсүнөн Селекция, Муромский, Гагарин жана Репин көчөлөрү менен Л.Толстой көчөсүнө чейин барат.

Мындан тышкары №56 автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү. Аталган каттам Манас проспектисинен Чүй проспектиси, Фучик көчөсү, Коммунаров көчөсү, Жибек Жолу проспектиси аркылуу өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан