Селден жабыркаган жарандар насыяларынын төлөө шарттарын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот. Бул туурасында кечээ, 24-июлда Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына насыяны реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө кат жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш.
“Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо (жеңилдетүү боюнча) арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана насыялык келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же насыянын мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт”, - деп кошумчаланган маалыматта.
Ошондой эле билдирүүдө насыя алуучу өзгөчө кырдаалдан же абалдан улам банкка болгон карызын 90 календарлык күндөн ашык төлөй албай калса, анда кредиттик тарыхына терс көрүнүш катары киргизилбей турганы кошумчаланды.