УЕФА Испаниянын эки футболчусуна карата дисциплинардык иш козгоду

УЕФА испаниялык футболисттер Родри жана Альваро Моратага карата дисциплинардык иш козгоду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Европа чемпиондугун майрамдоо учурунда футболчулар Родри менен Мората сахнадан "Гибралтар - Испания" деп кыйкырышкан.

Көп өтпөй Гибралтар футбол ассоциациясы бул сөздөрдү "өтө чагымчыл жана агрессивдүү" деп мүнөздөп, УЕФА уюмуна арыз менен кайрылган.

Жыйынтыгында иш жүрүм-турумдун жалпы жана негизги эрежелерин бузуу, спортко тиешеси жок билдирүүлөрдү жасоо, футболдун жана УЕФАнын беделине доо кетирүү үчүн ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан