Бишкек-Ош унаа жолунда эреже бузгандар дрон менен аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын тесттик режимди Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү жүргүзүп көрүшкөн.
"Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, белгиленбеген жерден алдыдагы унаадан ашып өткөндөр аныкталып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Жол кайгуул кызматы мунун максаты жол кырсыктарын алдын алуу экенин белгиледи.
Буга чейин жол эрежелерин дрон менен көзөмөлдөө программасын ишке киргизгени маалымдалып, байкоо иштери Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жүрүп жатканы айтылган.