Акыйкатчы өлкөдө зомбулукка кабылган аялдардын саны өсүп жатканын айтты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам кризистик борборлорго кайрылган аялдардын саны өсүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин зомбулукка кабылган аялдарга арналган жеке көргөзмөсүндө билдирди.

Анда акыйкатчы кыз-келиндердин көйгөйлөрүн ачык айтып, өз укуктарын коргоого чакырды.

"Жыл сайын аялдарга болгон зомбулук күч алып жатат. ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр 13 миң 104 аял зомбулукка кабылса, 2022-жылы мындай 8225 учур катталган. Бул сан мындан да көп болушу толук ыктымал. Анткени бизде “эл эмне дейт?” деген стереотип бар да. Калыптанып калган көрүнүштү жок кылып, зомбулукту жашырбаш керек", - деди Жаманбаева.

Ошондой эле акыйкатчы зомбулукка кабылган аялдар укуктук, психологиялык жана юридикалык жактан жардам алуу үчүн 115 тынымсыз байланыш номерине кайрылса боло тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан