Таласта 19 жаштагы жигит уксус ичип каза болду

Талас облусунда 19 жаштагы жигит тамак-аш уксусун ичип алып каза болду. Бул тууралуу Талас райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Ага ылайык, 18-июль күнү саат 04:40 чамасында 2005-жылы туулган жигит уксус ичип алып облустук ооруканага түшкөн. Ал ошол эле күнү каза болгону айтылат.

"Жигиттин ата-энеси жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Бул окуя Талас РИИБи тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан