Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 94 пайызы жыйналды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Учурда республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн – 152,4 миң гектарга жакыны, башкача айтканда, 94,7 пайызы жыйналды.
“Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү – гектарына 29,2 центнерди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,5 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 444,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 175 миң тоннага көп топтолду”, - деп айтылат маалыматта.