Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бүгүн, 24-июлда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардын өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.
Министрликтен билдиргендей, анда саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана кыргызстандык адистер тарабынан өлкөдөгү угуусу начар балдарга бекер операция жасоо маселелери талкууланды.
Бүгүнкү күндө 168 балага кохлеардык имплантация бекер жасалганы, жыл аягына чейин дагы 200гө жакын операция пландалып жатканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан