Бишкектеги жаңы кичи аренанын курулушу кызуу жүрүүдө (видео)

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык баракчасында билдирип, видеосу менен бөлүштү.

Эске салсак, буга чейин калаа жетекчилиги кичи аренанын курулушу 31-августка карата бүтө турганын билдирген. Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алары жана кичи футбол, баскетбол, хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берери айтылган.

“Аталган объектинин курулушунун жүрүшүн президент Садыр Жапаров башка курулуш иштерин кароонун алкагында апрелдин соңунда пландан тышкары барып көрүп кеткен.

Өлкө аймагындагы курулуштардын жүрүшү боюнча маалымат туруктуу негизде мамлекет башчысына берилип турат”, - деп кошумчалаган Алагөзов.

Бишкектеги жаңы кичи аренанын курулушу кызуу жүрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан