Дүкөн, буфет, бассейн”. Бишкек мэриясы 12 объектти ижарага берүүгө аукцион өткөрөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан 12 объект ижарага берүү үчүн аукционго коюлду. Бул туурасында бүгүн, 24-июлда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион 20-августта өткөрүлөт.

Алар:

1. ЛОТ № 1946.1 – аянты 388,5 чарчы метр Рухий-Мурас конушунда жайгашкан ар кандай максаттар үчүн (сулуулук салону, жеке мектеп, бала бакча, медпункт жана окуу борбору);

2. ЛОТ № 1943.1 – аянты 1000 чарчы метр кичи футбол аянтчасы Лесхоз көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинде;

3. ЛОТ № 1942.1 – аянты 390 чарчы метр Көлмө конушу Мыскал-Теңдик көч жайгашкан спорттук секциялар үчүн;

4. ЛОТ № 1941.1 – аянты 1450 чарчы метр кичи футбол аянтчасы Алтын-Бешик конушу, Мидин-Козу менен Баглан көчөсү;

5. ЛОТ № 1940.1 – жер тилкеси 800 чарчы метр Сыдыков көчөсү 72 дарегинде жайгашкан, кызматтык жайларды куруу үчүн;

6. ЛОТ № 1947.1 – Жаш Гвардия бульвары, 2 дарегиндеги буфет, "Дельфин" балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин имаратында жайгашкан аянты 35 чарчы метр;

7. ЛОТ № 1939.1 – мүлк комплекси (базар) аянты 4937 чарчы метр Тоголок Молдо менен Можайский көчөсү кесилишет;

8. ЛОТ № 1944.1 – Жибек Жолу проспекти Байтик баатыр көчөсүндөгү (түштүк) жайгашкан аялдама комплекси;

9. ЛОТ № 1945.1 – Ахунбаев менен Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан аялдама комплекси;

10. ЛОТ № 1938.1 Аянты 300 чарчы метр бассейн. Чыгыш-5 18/1 кичи районунда жайгашкан.

11. ЛОТ № 1935.1 – дүкөн, аянты 20 чарчы метр. Карылар үйүнүн аймагында, Абай көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан.

Ошондой эле ЛОТ № 1937.1 – жер тилкеси 15825 чарчы метр Чүй проспектиси – Шопоков көчөсү дарегинде жайгашкан социалдык, турмуш-тиричилик жана тейлөө объекттери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлары бар жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү долбоорлоого жана курууга, 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилет.

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Аукционго катышуучунун колдонмосу менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://docs.google.com/.../1cyipUwvq.../edit

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан