Түркияда кыргызстандык кыз каза болуп, туугандарынын макулдугу менен маркум ошол эле жакта жерге берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин кыздын каза болгону жана туугандары табылбай жаткандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган.
Жогоруда аталган жарандын каза болгондугу боюнча маалыматты алары менен Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери өлүмдүн себебин аныктоо үчүн өлүкканага барышкан.
"Түркияга келген туугандарынын (бир тууган агасы жана тайэжеси) чечими менен кечээ, 23-июлда каза болгон жаран Түркиянын аймагында жерге берилди", - деп билдиришти министрликтен.