Баткенде 150 орунга ылайыкталган мектеп курулууда

Баткен районунун Таян айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.

Ага ылайык, объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Белгилей кетсек, мектеп эки кабаттуу окуу корпустан, өтмө галереядан, ашкана жана спорттук залдан турат, жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт.

"Бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулду. Учурда чатырын жабуу, ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда. Мектепти толугу менен үстүбүздөгү жылда бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан