Ош шаарынын "Туран" кичи районундагы турак үйлөргө келтирилген зыяндын себептерин текшерүүнүн жыйынтыгында, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен пайда болуучу сел агымынын багыты боюнча жайгашкан жана жашоо үчүн кооптуу жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында жооптуу муниципалдык кызмат адамдары: Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын экс-башчысы Т.А.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Ош шаарынын Туран кичи районунун түштүк тарабында жайгашкан сел сууларын агызуучу каналдын (аянты 2,2 гектар) жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген.
Жер тилкесин алгандан кийин И.А.Ш. жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы жана макулдугу менен атайын техниканы колдонуу аркылуу табигый каналдардын түбүн өз алдынча толтуруу жана тегиздөө иштерин жүргүзүп, кийин жеке турак жай курууга сатуу үчүн тегиз жер аянтын курган. Натыйжада 2,2 гектар өлчөмүндөгү бирдиктүү жер тилкеси 30 жер участогуна чектөө жол-жобосунан өтүп, алардын ар бирине жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик акт берилген", - деп билдиришти УКМКдан.
Андан ары жеке баюу максатында И.А.Ш. бөлүнгөн жер тилкелерин үчүнчү жактарга сатып, ал жерде учурда турак жай курулуп жатат. Мындан улам сел сууларын агызуучу каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларга ири сел агындары келип түшкөн. Натыйжада Туран кичи районуна жакын жайгашкан жеке турак жайларды жана жерлерди, аймакты көрктөндүрүү инфраструктурасын сел алып кетип, жашоочулардын өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында жер тилкесин мыйзамсыз чыгарууга тиешеси бар А.Ж.М., С.А.Э, С.И.Б. жана Т.А.А аттуу жооптуу кызмат адамдары кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Ошол эле учурда Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га издөө жарыяланган.
УКМК бул боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.