Жалал-Абадда сел суулары каптаган аймактарга электр жарыгы толугу менен берилди 

Жалал-Абадда сел келген аймактарга электр жарыгы толук кандуу берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Жалал - Абад электр тармактар ишканасынын Базар - Коргон РЭТинин кызматкерлери ыкчам иш алып баруу менен Базар - Коргон районунун Арстанбап, Кош - Терек айылындагы 642 керектөөчүгө электр жарык берилди.

Ага ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен бак- дарактар жыгылып, аба чубалгыларды үзүп кеткен. Натыйжада 10 киловатт Арстанбап фидеринен чыккан аба чубалгы үзгүлтүккө учураган.

Мында 3 бригада 4 атайын автотехникалардын жардамы менен жабдууларды калыбына келтиришти.

Эске салсак, кечээ, 23-июлда катуу нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абаддын Арстанбап айылында катуу сел кетип, оорукананы сел суулары каптап, 23 унааны агызып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан