Авариялык абалдагы көпүрө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун 150 чакырымында жайгашкан. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпүрө “Кыргыздортрансдолбоор” институтунун тиешелүү кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүп, авариялык абалда экени аныкталган. Ага долбоор түзүлүп, мамлекеттик экспертизага жиберилди.
"Учурда №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аталган көпүрөдө каттам жабылып, тиешелүү иш-чаралар алып барылууда. Унааларга убактылуу Байтик-Дача- Воронцовка айылдары аркылуу альтернативалык каттам камсыз кылынды", - деп айтылат маалыматта.
Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолунда бир күн ичинде көпүрөнү айланып өтүүчү жол салынып каттам берилет. Учурда керектүү техникалар тартылды.