Бүгүн, 24-июлда Бишкекте эл ташыган автобуста каза болгон жаран чет өлкөлүк экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KGпорталына Ленин РИИБинен ырастады.
Билдиргендей, болжол менен саат 11:47 чамасында милицияга Үмөталиев менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп бара жаткан коомдук транспорттун ичинде эркек киши каза болду деген маалымат түшкөн.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери каза болгон адам 1970-жылы туулган чет өлкөнүн жараны экенин такташкан.
"Ал эмне себептен каза болгонун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга күбө болгон адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн SUPER.KG порталына окурман кайрылып, №166 автобуста бир адам көз жумганын билдирген. Бул маалыматты Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовтастыктап, жансыз дене милицияга өткөрүлүп берилгенин маалымдаган болчу.