Париж-2024: Бүгүн спорттун 4 түрү боюнча мелдештер болот

Бүгүн, 25-июлда жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында спорттун 4 түрү боюнча мелдештер өтөт. Быйыл Францияда өтчү XXXIII Олимп оюндарынын расмий ачылышы 26-июлда болот. Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышат.

Бүгүн кыз-келиндер футболу жана гандболу боюнча мелдештердин алгачкы беттештери болмокчу. Ал эми кечээ башталган эркектер арасындагы регби оюндарынын чейрек финалчылары, андан соң жарым финалчылары бүгүн аныкталат. Ошондой эле жаа атуу боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасындагы мелдештер өтөт.

Жалпы 12 команда катыша турган кыз-келиндер арасындагы футболдун тайпалык баскычтарында 6 оюн өтөт. С тайпасында Испания Япония менен беттешсе, Нигерия курамасы Бразилия менен оюн талаасына чыгат. А тобунда Канада - Жаңы Зеландия оюну жана Франция - Колумбия беттеши бар. В тайпасында Германия - Австралия, АКШ - Замбия курамалары ойнойт. Ал эми эрекектер арасындагы футболдун тайпалык оюндары кечээ өткөн.

Кыз-келиндер арасындагы гандбол мелдешине жалпы 12 команда катышат. Бүгүнкү оюндар: Словения - Дания, Нидерланды - Ангола, Испания - Бразилия, Германия - Түштүк Корея, Венгрия - Франция, Норвегия - Швеция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан