Кеминде 65 үй-бүлө бизнес ачууга 100 миң сомдон алды

Кечээ, 24-июлда Чүй облусунун Кемин районунда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 65 үй-бүлөгө 100 миң сомдон сертификат тапшырылды. Эми алар өз бизнесин ачып же колдоп, туруктуу киреше таба алышат. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, программанын алкагында 2 жылда райондо 63 бизнес долбоор ишке ашырылган. Алардын ичинен: айыл чарба тармагында – 53, өндүрүш тармагында – 7, кызмат көрсөтүү тармагында - 3 долбоор ишке ашкан.

“Социалдык жардам - программанын мазмунуна жараша үч жылга дайындалат жана үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге түрткү берүү, аларды эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт”, - деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан