Депутат Сеид Атамбаевдин сүрөттөрү Британиянын искусство каталогуна кирди

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаевдин сүрөттөрү Улуу Британиянын "The Great Steppe Treasury" аттуу арт-каталогуна кирди. Бул тууралуу Open Eurasia сайтында жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, каталогго Кыргызстандан Сеид Атамбаевдин сүрөттөрүнөн тышкары дагы эки сүрөтчү айым - Лариса Пак менен Гүлмира Айыпованын эмгектери да киргизилген.

"The Great Steppe Treasury" - Евразия чөлкөмүнүн искусствосун жана маданиятын чагылдырган ар кайсы өлкөлөрдүн таланттуу сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин бириктирген долбоор. Бул жылы аталган каталогго 24 сүрөтчүнүн эмгектери кирди", - деп жазылат сайтта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан