
Өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган.
- Бишкек шаары – 5;
- Чүй облусу – 13;
- Ош шаары – 1;
- Ош облусу – 3;
- Жалал-Абад облусу – 3;
- Баткен облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 1;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.