Башкы прокурор Максат Асаналиев кытайлык кесиптеши менен жолукту

Башкы прокурор Максат Асаналиев кечээ, 24-июлда Кытайдын Жогорку Элдик прокурору Ин Юн менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Башкы прокуратура менен Кытайдын Жогорку Элдик прокуратурасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Келишим эки өлкөнүн ортосундагы укуктук кызматташтык, тажрыйба жана маалымат алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана эл аралык кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан