Свердлов районунун башчысына эскертүү берилди

Бишкектин Свердлов районунун башчысына эскертүү берилди.

Мэриядан билдиргендей, уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгы 24-июлда Комсомол көлүндө сууга түшүү сезонун ачуу боюнча райондун администрациясы жүргүзүп жаткан иштерди көзөмөлдөө үчүн Карагач токоюнун аймагына барган.

Текшерүү учурунда аталган аймакты көрктөндүрүү, тагыраагы, реконструкциялоо иштери аяктай электиги аныкталган.

"Мэр Айбек Жунушалиев Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакуновго аталган көлдө сууга түшүү сезонун ачуу боюнча тапшырмалардын өз убагында аткарылбагандыгына байланыштуу эскертүү берди.

Калаа башчысы акимге орун алган мыйзам бузууларды жоюп, кыска мөөнөттө көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча бардык иштерди сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды", - деп жазылат анда.

Ошондой эле коомдук тартипти сактоо, жарандардын эс алуусун уюштуруу максатында куткаруу кызматынын ишин камсыз кылуу, көлдөгү сууга зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү милдети коюлган.

Бул жасалма көлдүн өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу Чоң Чүй каналынан алынса, быйыл скважинадан таза суу менен толтурулганы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан