Париж-2024: Аргентина менен Марокконун беттеши жаңжал менен аяктады (видео)

Париждеги Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кечээ, 24-июлда өткөн футбол боюнча мелдештин тайпалык баскычындагы Аргентина менен Марокко курама командаларынын беттеши жаңжал менен аяктады.

Беттеш 2:1 эсебинде марокколуктардын пайдасына чечилип жаткан. Бирок экинчи таймдын 16-мүнөтүндө аргентиналыктар эсепти теңегенге жетишкен. Бул учурда оюн талаасында баш-аламандыктар жаралып, Марокко курама командасынын күйөрмандары талаага чуркап чыгышкан жана аргентиналык оюнчуларга петарда (фейерверктин бир түрү) ыргытышкан.

Мындан улам беттеш токтотулган. Эки сааттан кийин Аргентинанын экинчи голу офсайд болгон деген жүйө менен жокко чыгарылып, оюн күйөрмандарсыз уланган. Жыйынтыгында Марокко курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

25.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан