Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстандын аймагында селдин кесепетинен 22 адам каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов бүгүн, 25-июлдагы жыйында айтты.
Анын айтымында, тилсиз жоо:
Ош облусунан - 15;
Ош шаарынан - 5;
Жалал-Абад облусунан - 1;
Баткен облусунан - 1 адамдын өмүрүн алган.
Азамат Мамбетов жыл башынан бери Кыргызстанда 311 ирет сел жүргөнүн кошумчалады.