Бүгүн, 25-июлда президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоору) ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, макулдашуу жогорку кесиптик билим берүү системасында окутуунун жана изилдөөлөрдүн сапатын жана эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин жогорулатууга багытталган.
"Экономика жана улуттук артыкчылыктар үчүн чоң мааниге ээ болгон биомедицина, жасалма интеллект жана маалыматтык коопсуздук, суу ресурстары, азык-түлүктүк жана биологиялык коопсуздук жаатындагы университеттер аралык беш изилдөө борборун түзүүнү колдойт”, - деп айтылат маалыматта.
Насыя берүүнүн финансылык шарттары:
– насыянын суммасы – 25 миллион доллар;
– насыя берүүнүн жалпы мөөнөтү – 50 жыл;
– жеңилдетилген мезгил – 10 жыл;
– пайыздык ставка – 0 пайыз;
– каржылоо каражаттарынын тандалбаган калдыгын резервдөө – 0,5 пайыз.
Айта кетсек, бул мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.