Ош, Жалал-Абад облустарындагы соңку сел каптоолордо куткаруу иштерин жүргүзгөн 16 кызматкер ооруканада. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, дагы 37 куткаруучу амбулатордук дарылоого муктаж.
"Сел каптаган аймактарда иш алып барган 7 инженердик техника капиталдык оңдоого муктаж. 27 техника оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлдү", - деди ал.
Ошондой эле Мамбетов учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 500 миңден ашык адам иш алып барып жатканын кошумчалады.