Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-июлга караган түнү саат 00:30дар чамасында борбор калаанын конуштарынын биринде чыр чыгып, анда шектүү делген өспүрүм 16 жана 30 жаштагы жарандарга бычак менен зыян келтирген. Алар алган жараатынан улам Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2007-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.