“Фантастикаларды сүйлөбөйлүчү!” ӨКМ коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерге жооп берди

Бүгүн, 25-июлда маалымат жыйын учурунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жаратылыш кырсыктары катталган учурда эл тарабынан министрликтин техникаларына, куткаруучуларына жана тик учактарына байланыштуу айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Министр ар бир айылда куткаруу кызматы жок болгондуктан, техникалардын жана куткаруучулардын кырсык болгон жерге жетишине убакыт талап кылына тургандыгын билдирди.

“Жаратылыш кырсыгы катталса заматта жерине жетип баруу кыйын. Маалымат түшөрү менен эле эң жакын жайгашкан Ош шаарындагы куткаруучулар тобу жөнөп кетишкен. Ноокатта селден улам 1300 адам жана 160 унаа тоо этектеринде калып калган. Алардын баарына жардам берилди. Алгач байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан, дароо эле куткаруучулар жок деп чуу чыгарып жиберишти. Анан да оор техникаларды жолдун татаалдыгынан улам кээ бир аймактарга дароо алып кирүү мүмкүн эмес”, - деди ал.

Ошондой эле Ажыкеев тик учак туурасында маселеге да жооп берди.

“Тик учак 6 гана адамды батыра алат. Ондон эсептеген күндө да 1300 кишини эвакуациялоо үчүн 130 рейс жасаш керек. Буга жетишүү мүмкүн эмес. Фантастикаларды сүйлөбөйлүчү! Сел учурунда дайыма ала булут каптап, жаан жаап, күн күркүрөйт. Туруксуз аба ырайынын улам уча албайт”, - деп кошумчалады министр.

Мындан тышкары башка өлкөлөрдөн келип жаткан гуманитардык жардамдарды кабыл алып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колуна тапшыра тургандыгын айтып, элге таратуу алардын милдетине кирбей тургандыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан