"Көз кубанат...". Бишкекте милиционерлердин сейил багы пайда болду (видео)

Бишкектин борбордук бөлүгүндө “Кыргыз милициясына 100 жыл ” аталышындагы сейил бак ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июлда Токтогул көчөсүндө жайгашкан 15 сотых жер тилкесине Бишкек ШИИБинин жетекчилигинин демилгеси менен курулган “Кыргыз милициясына 100 жыл” аталышындагы аллеянын ачылышы өткөрүлдү. Иш-чара шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиевдин жана анын орун басарларынын, жетекчилик курамынын, мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда болуп өттү.

Токтоналиев өз сөзүндө, аталган аллеяны борборубуздун эс алуучу жерлерин көбөйтүү максатында, өздүк курамдын күчү менен курулгандыгын баса белгилеп, “жашыл шаар” деген ат менен таанылган борборубузду жайкалган жашыл көрүнүшүнө алып келүүгө ниет кылганын жана бул аракеттерди жалпы мекендештерибизден, айрыкча борбор калаа тургундарынан ар тараптуу колдоо күтөөрүнө ишеним артты.

Мындан тышкары Бишкек мэриясынын жетекчилигине аллеянын курулушуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Аллеянын курулуш иштери жазында башталып, сейил бакка отургучтар, кечки жарыктар орнотулган жана 100 даана бак-дарактар отургузулган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан