Өлкөдө Meken брендиндеги ноутбуктар чогултула башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай ишти ААКтын алдындагы "Кыргызэлектроника" ишканасы колго алган.
"Аталган ишкана буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган. Бул өлкө жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Ишкана өндүргөн продукцияларына кызыккандар ke.kg сайты аркылуу таанышып, буюртма бере аларын кошумчалады.