Футболчу Алмаз Мирзалиев белгилүү Алмаз Чокморов атындагы бомбардирлер клубунун курамына кирди

Алмаз Чокморов атындагы бомбардирлер клубу кыргызстандык клубдар үчүн киргизген голдорунун санын 100дөн ашырган дагы 3 футболчунун ысымы менен толукталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган клубга 2013-жылкы сезондогу Кыргызстандын ТОП-Лигасынын башкы бомбардири Алмаз Мирзалиевдин ысымы киргизилди. Футболчу карьерасында “Абдыш-Ата” башка клубдар үчүн жалпысынан 124 гол киргизген. Андан тышкары тизмеге эсептериндеги 103төн гол менен “Абдыш-Атанын” оюнчусу Хуршит Лутфуллаев жана “Дордойдун” оюнчусу Дэвид Тэтте кирди.

Эске салсак, Алмаз Чокморов атындагы клубга Кыргызстан курама командасы үчүн жана кыргызстандык клубдар үчүн жалпысынан 100дөн ашуун гол киргизген футболчулардын ысымдары киргизилет. Учурда бул клубга жалпысынан 16 футболчунун ысымы киргизилген. Тизменин башкы сабында эсебиндеги 268 голу менен Замирбек Жумагуловдун ысымы жазылып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан