Борбор калаада транспорт түйүндөрү курулат

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкек мэриясы Кытай менен транспорттук түйүндөрдү куруу боюнча протоколго кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Кытай гранттык каражаттарынын эсебинен (3-фаза) төмөнкү транспорттук түйүндөрдү курууну пландаштырылууда:

- Лев Толстой көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүн;

- Анкара жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук түйүндөрдү реконструкциялоо жана жолдорду кеңейтүү, Ахунбаев көчөсүнө 7-Апрель көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейинки аралык.

"Учурда жогоруда аталган транспорт түйүндөрүн деталдык долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Болжолдуу курулуш мөөнөтү 2025-2026-жылдар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан