Бүгүн, 25-июль күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардык жол башкармалыгына асфальт төшөөчү техниканын, экскаватордун жана жүктөгүчтүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы техникаларга жалпысынан 30 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.
“Экскаватор менен асфальт төшөөчү техника 24 миллион 210 миң сомго сатып алынган. Анын 70 пайызы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми жүктөгүч 5 миллион 995 миң сомго сатып алынган. Ал каражат да жергиликтүү казынадан бөлүнгөн ”, - деп белгиленген маалыматта.