Чолпон-Атанын борбордук көчөсүндөгү жарнамалык такталар толугу менен алынды (видео)

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндөгү жарнамалык такталар толугу менен тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Мамлекеттик курулштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнүн боюндагы объектилерди инвентаризациялоо, жолдордун жана калктуу конуштардын эстетикалык көрүнүшү үчүн жарнамалык такталар тазаланды.

Ошондой эле архитектуралык жана шаар куруу ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү объекттерге уруксат берүүчү документтердин болушун аныктоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнүн боюндагы жайгашкан мыйзамсыз объектилер демонтаждалып, учурда 42 жарнамалык такталар алынып толугу менен тазаланды.

Чолпон-Атанын борбордук көчөсүндөгү жарнама такталары толугу менен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан