Эртең, 26-июлда Чүй проспектиси менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, 27-июлда Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылат.
Учурда Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык.
Белгилей кетсек, Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т.Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.