
53 жаш курагында Чүй облусунун прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнун улук прокурору
Исмаилов Бакытбек Мурзапаязович дүйнөдөн мезгилсиз өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ал кечээ, 25-июлда каза болгон.
Бакытбек Исмаилов 1971-жылдын 7-ноябрында Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1997-жылы Кыргыз прокуратурасына кабыл алынып, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасынын стажер кызматына дайындалып, эмгек жолун баштаган.
-1997-1999-жылдары - Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы;
-1999-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында ар кандай кызматтарды ээлеп келген;
-2006-2008-жылдары Балыкчы шаарынын прокурорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору;
-2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштардын тергөөсүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү, андан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору;
2010-2011-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун милдетин аткаруучусу, прокурору;
-2010-2011-жылдары Нарын облусунун Нарын районунун прокурорунун орун басары;
2023-жылдын декабрь айынан баштап Чүй облусунун прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору кызматында эмгектенип келген.