ӨКМ Ысык-Көлдөгү пансионатка конгон тик учак боюнча маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү "Париж" пансионатына тик учак конуп жаткан видео тараган.

Анда ТикТок социалдык тармагынын колдонуучусу аталган пансионатка тик учак конуп жаткан видеону чыгарып, "ким келди, кандай ойлойсуздар?" деп жазуу калтырган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына тик учак коммерциялык негизде ижарага берилгенин билдирди.

"Тик учак ӨКМге тийиштүү, жеке жактарга коммерциялык негизде ижарага берилген. Кечээ, 25-июлда H-145 Airbus аба техникасы пансионаттын атайын тик учак конуучу аянтчасына конгон", - деп билдирди министрлик.

Ысык-Көлдөгү пансионатка тик учак конуп жаткан видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан