Бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрлигинде жарым жылда аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын алты ай ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана өлкө ичиндеги кылмыштуулуктун абалы тууралуу баяндамасы угулган соң министр Улан Ниязбеков жер-жердеги биринчи жетекчилерге тапшырмаларды берип, кынтыксыз аткарылуусун эскертти.
“Бир дагы туристтик аймактарда жана эл көп чогулган жайларда кылмыштуулукка жана одоно тартип бузууларга жол берилбесин. Эгерде кайсы бир региондо ушундай учурга жол берилсе, анда ошол аймактын коопсуздугун камсыздоо иштери начар деген тыянак чыгарып, кезексиз коллегия аркылуу кардиналдуу чечим кабыл алабыз. Муну эсиңиздерге бекем түйүп алыңыздар! Бүгүнкү отурумда айтылган бардык кемчиликтерди өздүк курамга жеткирип, алардын кайталануусун болтурбоо боюнча тиешелүү иш-чаралар алып барылсын. Ар бир жетекчи, өзү жооптуу болгон аймактагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга түздөн-түз милдеттүү", - деди Ниязбеков.
Ошондой эле ИИМ башчысы милициянын аткара турган жумуштары абдан көп экенин белгилеп, шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын башчыларына берилген тапшырмалар өз убагында аткарылбай, шалаакылык мамиле жасала турган болсо, кызматтарынан кол жууй тургандарын катуу эскертти.
Коллегиялык отурумга ИИМдин жетекчилиги, Ички аскерлердин кол башчысы, ички иштер органдарынын башчылары жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси катышты.