Жалал-Абадда техникумдун директору абитуренттерден пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнү (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан