21-22-сентябрда Алматыда Борбор Азиянын XIII Jolbors фестивалы өтөт. Бул жаратмандар, маркетологдор, коммуникация боюнча эксперттер, дизайнерлер жана өндүрүш студиялары үчүн эң маанилүү жана көптөн күткөн саамалык.
Билеттерди фестивалдын сайтынан 30-июлга чейин эң жеткиликтүү баада сатып алсаңыз болот. 7 же андан көп билет сатып алууда 10% арзандатуу бар!
"Жолборс фестивалынын негизги баалуулуктарынын бири – бул фестивалдын аркасында түзүлгөн Борбордук Азиядагы тармактык эксперттердин күчтүү профессионалдык коомчулугу. Бул сизге тезирээк өсүүгө, ой-чабытты кеңейтүүгө, белгилүү бир бизнес көйгөйүн чечүү үчүн кайсы куралдар натыйжалуураак болорун жакшыраак түшүнүүгө жана жаңы карьералык бийиктиктерди багындырууга жардам берген абдан күчтүү чөйрө. Мындан тышкары биз дүйнөлүк рынокто алдыңкы бренддер менен иштеген эл аралык эксперт-практиктерди алып келип, алардын баа жеткис тажрыйбасын катышуучуларыбыз менен бөлүшөбүз”, - дейт Jolbors фестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сабина Рейнгольд.
Билеттин ичине эмнелер кирет:
Jolbors фестивалына 13 жыл болду. Бул Борбор Азиядан келген жаратмандар, жарнама жана маркетинг индустриясынын өкүлдөрү үчүн Борбор Азия рыногундагы эң маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Ал эл аралык спикерлердин эки күндүк билим берүү программасынан жана эң мыкты жарнама сынагынан турат, алардын өтүнмөлөрү эл аралык калыстар тарабынан бааланат. Иш-чаранын максаты - Борбор Азияда күчтүү кесипкөй коомчулукту түзүү жана өнүктүрүү. Jolbors 13 жылдан бери Борбордук Азиянын өнөр жай адистерин бириктирип, анын өнүгүүсүндө негизги ролдордун бирин ойноп келет.