1-августтан тарта бийлик өкүлдөрү эки топко бөлүнүп эл менен жолугушууларды өткөрөт.
Министрлер кабинетинен билдиргендей, демилге президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жатат.
"Биринчи топту министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектейт. Бул топ Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрөт.
Экинчи топту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев жетектейт. Бул топ Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.