
Бүгүн, 26-июлда Чүй облусунун Токмок шаарынын Панфилов көчөсүндөгү кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 12:15те Токмок шаардык №24 ӨКБдан жана №21 ӨКБдан бирден күжүрмөн эсеп тартылып, саат 13:10до чектөөгө алынган. Өрттүн болжолдуу аянты 4000 чарчы метрди түзөт.
Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.