Нарындагы 3 жашар баланын өлүмү: Министрлик вакцинанын сапаты тууралуу айтты

Буга чейин Нарын шаарында 3 жашар бала эмдөөдөн каза болуп, комиссия түзүлгөндүгү айтылган. Бүгүн, 26-июлда Саламаттык сактоо министрлиги колдонулган вакцинанын сапаты боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, вакцинанын бир бөтөлкөсү менен 8 бала эмделген. Чарчап калган наристе ошол бөтөлкөдөн эмделгендердин бешинчиси болгону айтылды.

"Калган 7 баланын тең ден соолугу жакшы. Өлкө боюнча 814 миң 598 бала кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү учурунда коопсуз эмдөөдөн өтүп, вакцинанын сапатына ишеним көрсөттү. Нарын облусу боюнча 25 миң 956 бала кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабында 19 миң 865 бала эмделген. Алардын арасында эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр да катталган эмес", - деп билдиришти министрликтен.

Кыргызстан Индиянын MMR вакцинасын колдонору, кызамык жана кызылчага каршы вакцина клиникалык сыноолордун бардык баскычтарынан ийгиликтүү өткөндүгү, вакциналар натыйжалуу жана коопсуз экендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан