Ошто милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына К.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал "К" аттуу милиция кызматкери мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жатканын айткан.
Жарандык процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары 1979-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.