"Үмүт" үйүнүн ашпозчусу Гүлдөсүн Уезалиева: "Бул жакка келген ата-апалардын көпчүлүгү келиндин жамандыгынан келдик дешет"

"Үмүт" үйүнүн ашпозчусу Гүлдөсүн Уезалиева аталган үйгө келген ата-апалардын көпчүлүгү эле келиндин жамандыгынан келгендигин айтты.

"Мен кээде бул жактагы ата-апалар менен сүйлөшүп калам. Алардын көпчүлүгү "келиниме таарынып келдим" деп калышат. Кээ бир учурда ойлонуп калам чын эле аял затынан кетет окшойт деп. Эгерде "менин келинчегимдин, менин жолдошумдун атасы, апасы" деп сыйлашса көп келбейт эле го деп ойлойм да. Ошол себептен мен жаштарга, аял затына айтат элем да көтөрүмдүү, чыдамкай болсок. Өзүбүз деле ошол жашка барабыз. Бул жакка келген ата-энелерибиздин ордуна өздөрүн коюп көрүшсө дейт элем да. Ошондой эле ата-энеңерди, кайната, кайнеңерди сыйлагыла деп айтат элем", - дейт Уезалиева.

Мындан тышкары ал "Үмүт" үйүндө иштеген аябдан оор экендигин айтты.

"Биз жумуштун оордугунан эмес, бул жактагы ар бир ата-апага тамак берип жатканда, ошолорду карап жана алардын көйгөйүнөн кыйналабыз. Ар бирин карап жүрөгүң эзилет, бооруң ооруйт. Чындыгында буларга абдан кыйын. Анткени аябай жакшы кызматта иштеп, сонун жашоодо жашаган адам бул жакка түшүп калса, анда "тирүүнүн эле өлүгү" болуп калат турбайбы. Алар да "жаш кезде биз артыбызды бир кылчайып карабаптырбыз" деп кейип айтып калышат", - деп кошумчалады ашпозчу.

Кененирээк төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан