Акылбек Жапаров алдыңкы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборундагы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров моделдин негизги элементтерин, анын ичинде лабораторияларды, илимий борборлорду жана стартаптарды карап көрүп, бул илимий инфраструктуранын медицина үчүн маанисин белгиледи.

Демонстрациялык модель медицинадагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду камтыйт жана жүрөк, онкологиялык, кан тамыр жана неврологиялык ооруларды эрте аныктоого багытталган.

Долбоордун катышуучулары, анын ичинде чет элдик жаш окумуштуулар жана изилдөөчүлөр медициналык кластер илимпоздорду тартуу борборуна айланат деген ишенимин билдиришти.

Жапаров Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчилиги менен медициналык кластерди андан ары өнүктүрүү жана аны эл аралык илимий тармактарга интеграциялоо пландарын талкуулады. Таанышуунун соңунда илимди жана инновацияларды колдоо Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоонун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан