ИИМ: жарым жылда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 12,8 тонна баңгизат жок кылынды

Жарым жылда баңгизатка байланышкан 677 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрнин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 12 тонна 835 килограмм 62 грамм баңги каражаттары, психотроптук заттар алынган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 7 тонна 634 килограмм 147 граммга көп болгон.

"7 жашыруун лаборатория, 58 кылмыштуу топтун иши жоюлуп, издөөдө жүргөн 10 адам кармалды. Интернет мейкендигиндиги аркылуу жүгуртүлгөн баңгизат каражаттары боюнча 120 кылмыш каттоого алынып, 9 килограмм 799 грамм баңгизат алынды. 24 интернет-дүкөн аныкталып, анын ичинен үчөө жок кылынып, 4 уюштуруучусу кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ тарабынан бул боюнча 10 чет өлкөлүк кармалганы, алардан 1 тонна 514 килограмм 360 грамм өлчөмүндө баңгизаттар алынганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан